Түрк Мамлекеттер Уюмунун Мүчөсү Кыргызстандагы басма Сөздүн Электрондук Форматка Өтүүсүндөгү Маселелер
Ключевые слова:
жаңы маалымат технологиялары, санариптешүү доору, Кыргызстан, онлайн массалык маалымат каражаттары, басма сөзАннотация
Жаңы маалымат технологияларынын өнүгүшү менен бирге акыркы мезгилдерде салттуу
журналистикада маанилүү өзгөрүүлөр жана өнүгүүлөр болду. Өзгөчө салттуу журналистиканын
интернет аркылуу онлайн тармакта жаңыдан конвергенциялануусу анын коомдо дагы да таасирдүү
болушун шарттады. Алгач гезиттин жарык көрүүсү менен башталып, андан кийин радио жана
телевидениенин пайда болушу менен коомдо төртүнчү күч катары сыпаттала баштаган массалык
маалымат каражаттары санариптешүү доорунда жалпы эле коомчулук тарабынан баш тартылгыс
мыкты маалымат каражатына айланды. Массалык маалымат каражаттарынын интернет айдыңында да
чыга башташы менен анын үнү бир эле жергиликтүү калкка эмес, бүткүл дүйнө жүзүнө угула баштады.
Бирок электрондук форматка өтүү менен катар эле массалык маалымат каражаттарында да бир топ
маселелер жаралбай койгон жок. Атап айтсак, кесиптик жана этикалык принциптер орой бузула
баштады. Ушул алкакта аталган илимий макалада Кыргызстандагы массалык маалымдоо
каражаттарынын бир түрү болгон басма сөздүн электрондук форматка өтүүсүндөгү кездешкен
маселелер жана аны чечүү жолдору талкууланмакчы.