Түрк мамлекеттер уюмунун мүчөсү Кыргызстандагы басма сөздүн электрондук форматка өтүүсүндөгү маселелер

Авторы

  • Топчугүл НАРМАМАТОВА_Зеки ОКЙАЙ

Ключевые слова:

Жаңы маалымат технологиялары, санариптешүү доору, Кыргызстан, онлайн массалык маалымат каражаттары, басма сөз

Аннотация

Жаңы маалымат технологияларынын өнүгүшү менен бирге акыркы мезгилдерде салттуу журналистикада маанилүү өзгөрүүлөр жана өнүгүүлөр болду. Өзгөчө салттуу журналистиканын интернет аркылуу онлайн тармакта жаңыдан конвергенциялануусу анын коомдо дагы да таасирдүү болушун шарттады. Алгач гезиттин жарык көрүүсү менен башталган, андан кийин радио жана телевидениенин пайда болуусу менен коомдо 4-күч катары сыпаттала баштаган массалык маалымат каражаттары санариптешүү доорунда жалпы эле коомчулук тарабынан баш тарта албай турган мыкты маалымат каражатына айланды. Массалык маалымат каражаттарынын интернет айдыңында да чыга башташы анын үнүн бир эле жергиликтүү калкка эмес, бүткүл дүйнө жүзүнүн угуусуна себепкер болду. Бирок электрондук форматка өткөн менен массалык маалымат каражаттарында да бир топ маселелер жаралбай койгон жок. Атап айтсак кесиптик жана этикалык принциптер орой бузула баштады. Ушул алкакта аталган илимий макалада Кыргызстандагы массалык маалымдоо каражаттарынын бир түрү болгон басма сөздүн электрондук форматка өтүүсүндөгү кездешкен маселелер жана аны чечүү жолдору талкууланмакчы.

Опубликован

2024-01-25

Как цитировать

Топчугүл НАРМАМАТОВА_Зеки ОКЙАЙ. (2024). Түрк мамлекеттер уюмунун мүчөсү Кыргызстандагы басма сөздүн электрондук форматка өтүүсүндөгү маселелер. Journal of Turkic Civilization Studies (JTCS), 4(2), 219–234. извлечено от https://jtcs.manas.edu.kg/index.php/main/article/view/105