ИСЛАМ МЕНЕН КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫ

Yazarlar

  • ХУ ЖЕНХУА

Anahtar Kelimeler:

ИСЛАМ МЕНЕН КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫ

Özet

Кыргыз улуту дүйнөдөгү байыркы улуттардын бири болуп, өзүнүн узун тарыхы жана шаңдуу маданиятына ээ. Бул жөнүндө эки мин эки жүз жылдан мурда эле кытай тарыхый китептеринде алда качан жаза баштаган. Кыргыз улуту тарыхта белгилүү табигый жана коомдук жагдайлардын астында окшобой турган динге ишенип келген. Мисалы, шаманизм, буддизм, ислам.

Кытай тарыхый китеп «ЖАНЫ ТАННАМА» да Энесей дарыясы- нын боюндагы кыргыздар шаманизмге ишенип, бакшыны «ГАМ» деп атагандыгын жазган. Азыр Кытай Түндүк Синжянда Дөрбөлжүндөгү кыргыздар жана Хыйлунжяңдагы кыргыздар буддизмге, демек лама динине ишенет. Бирок бүтүн дүйнөдөгү кыргыздардын көпчүлүгү ислам динине ишенет.

Мейли кайсы дин болбосун, алар баары өзүнүн теориясы, түзүм дөрү, салт-санаалары бар. Мындан башка, дин белгилүү улуттардын тарыхы, этнографиясы, фолклору, адабияты менен байланыштуу. Буларды бүтүндөй диний маданияттын ичине алат. Диний маданият узун мезгилде ошол динге ишенген улуттардын ар жагына күчтүү таасир жеткизет. Кээ бир таасирлер ошол улуттардын маданиятынын катарына кирип, акырында ичинде синирилип, маданияты болуп калат. ОШОЛ улуттун

Кыргыздар өзбектер, уйгурларга караганда ислам динине кийи нирээк ишенген окшойт. Алар өзбектер, уйгурлардын таасири менен ислам динине ишене баштаган. Ошондой болгон болсо дагы, ислам дини кыргыз маданиятына жеткизген таасири аз эмес. Муну туура анализ кылуубуз тийиш. Анткени ислам дини жалгыз гана дүйнөдөгү бир мин үч жүз миллион калк ишене турган бир дин болуп калбастан, балким ал да адамзаттын бир түрдүү идеологиясы жана маданият системасы болуп эсептелет. Ислам дини аркылуу араптар жана фарсилердин бай жана көркөм маданияттарын да кабыл кылган.

Ислам динин кыргыз маданиятына жеткизген таасири ар тарапта. Мен бул макаламда жалгыз гана гуманитардык жана этнографиялык жактан мисалдарды көрсөтөйүн!

Yayınlanmış

2023-11-22

Nasıl Atıf Yapılır

ХУ ЖЕНХУА. (2023). ИСЛАМ МЕНЕН КЫРГЫЗ МАДАНИЯТЫ. Türk Uygarlığı Araştırma Ve Uygulama Merkezi Dergisi, 1(1), 191–194. Geliş tarihi gönderen https://jtcs.manas.edu.kg/index.php/main/article/view/50